Жаз келгенден баштап аллергиям башталат. Көзүм шишип, тамагым, мурдум кычышат.
// //
Жаз келгенден баштап аллергиям башталат. Көзүм шишип, тамагым, мурдум кычышат.
Гүлнара Бейшеналиева
Терапевт
Жаз мезгилиндеги аллергиянын негизги себеби чаңдар, дарактын уруктары. Алар мурун ичине киргенде, иммунитетибиз аларга ага каршы антитело иштеп чыгат. Анан чүчкүрүп, бышкырабыз. Ошондой ата-энеңиз дагы аллергия менен ооруса, сизге берилет. Мындайча айтканда тукум кууйт. Сиз сөзсүз бейтапканага барып, көрүнүп, анализдерди тапшырыңыз. Жыйынтыгына жараша дарыланыңыз. Болбосо, аллергия өрчүшүп кетсе, бронхитке, астмага чалдыктырат.