Төрөгөнүмө бир жылдан ашты. Ошондон бери ичим катып калат, бирок күндө эмес. Ичим катканда бурап бат-баттан жел чыгара баштайм, эч кармана албай. Кандай кылсам болот?
// //
Төрөгөнүмө бир жылдан ашты. Ошондон бери ичим катып калат, бирок күндө эмес. Ичим катканда бурап бат-баттан жел чыгара баштайм, эч кармана албай. Кандай кылсам болот?
Гүлзина Мадраимова
акушер-гинеколог
Ичиңиздин катуусу төрөт менен байланышы жок. Сиз туура эмес тамактанып жатасыз. Төрөтканадан чыккандан кийин бир айга чейин ичти жылуу алып жүрүү зарыл. Мындай талапты аткардыңыз беле? Эмчектеги баласы бар айымдар көп өлчөмдө суу ичүүсү кажет, себеби кандай гана тамак жебе ал сүт болуп эмчекке кетет.
Ичиңиздин катып калбашы үчүн туура тамактанганды жана гимнастика жасоону үйрөнүп алууңуз абзел. Ал эми дарыканаларда ичти суюлтуучу чөп дарылар бар ошолорду ичиңиз, ал болбосо кара өрүктү эртең мененкисин жеп жана гимнастика кылып туруңуз. Мындан сырткары эртең менен тураарыңыз менен 2 стакан жылуу суу ичиңиз, ал дагы жардам бербесе таза өсүмдүк майынан бир аш кашык ичип турсаңыз дагы жардамын берет.