Мен дайыма ойлуу жүрөм, майда барат нерселерге көп нерв болом. Өзүм толукмун, ушундан улам көп досторума аралаша албайм. Түнт болуп баратам, эмне кылсам болот?
// //
Мен дайыма ойлуу жүрөм, майда барат нерселерге көп нерв болом. Өзүм толукмун, ушундан улам көп досторума аралаша албайм. Түнт болуп баратам, эмне кылсам болот?
Каныша Кожогелдиева
психолог
Курактык өзгөчөлүктөрдү алып карай турган болсок, нормада өнүгүп жаткан адамда 16 жаштан 25 жашка чейин ички дүйнөсүндө кайра оңдоп кароо, келечекти ойлонуу , алдыга багыт алуу процесси жүрөт. Келечекке дегенде ал жерде бир эле тандап алган кесиби же эртеңки жашоосу эмес, жеке инсандык жашоосу да эске алынат. Сенин түнт болуп жүргөнүңдүн бирден бир себеби ушул, себеби сен ички дүйнөң менен алек болуп жүрөсүң. Сен өзүңдү толукмун деп басынта берегенин бул туура эмес. Адам кандай болбосун ошол калыбында сулуу, сүйкүмдүү. Эгерде мындай абал менен күрөшпөй ушул боюнча калтыра турган болсоң, мындан ары да түнт болуп калышың толук мүмкүн. Сен өзүңө дос издеп ичиңдеги болуп жаткан нерселерди аны менен бөлүшүшүң керек. Дос тап десем, сен менин чыныгы досум жок деп коюшуң мүмкүн. Бул да туура, себеби мындай учурда сенин көз карашың боюнча баардыгы эле дос боло бербейт. Анткени сенин курагыңда досторду бөлүү башталат. Бул менин жакын досум, тиги жөн эле дос, ал болсо классташ дос же тааныш деген сыяктуу. Аракет кылуу, дос табып аны менен сырдашуу, кеңеш бөлүшүү сенин колуңда. Досуң болсо аны менен бирге көңүл ачуучу жерлерге барып, күндөлүк жашоого алаксып түнт болгон абалдан чыга аласың. Түнт болуп жүрө берүү ден-соолукка да зыян экенин унутпашың керек. Айтаарым аракет кыл!