27 жаштамын. Полюция деген нерседен кантип арылса болот? Ал эмне себептен пайда болот жана бардык эле эркектерде болобу? Күндө эле ич кийим алмаштыра берип тажап кеттим.
// //
27 жаштамын. Полюция деген нерседен кантип арылса болот? Ал эмне себептен пайда болот жана бардык эле эркектерде болобу? Күндө эле ич кийим алмаштыра берип тажап кеттим.
Мирлан Айбашов
Уролог-андролог
Урматтуу окурман, сиз жыныстык катнашта болосузбу жана бир жумада канча жолу барасыз маалымат бере кетсеңиз жакшы болоор эле. Эгерде бат-баттан жыныстык катнашта болсоңуз, плюция нервге байланыштуу болот. Дагы бир себеби - урук көбүкчөлөрүнүн жана урук безинин сезгенүү оорусунан болушу мүмкүн. Биринчи урологго барып анализ тапшырасыз, эгерде жыйынтыктары жакшы чыкса анда психоневрологго кайрылууңуз керек.