23 жаштамын. Аял киши качан турмушка чыкса туура болот? Азыркы убакта окуп жатам. Ажырашуулар көп болгондуктан, бир аз чочулап жатам.
// //
23 жаштамын. Аял киши качан турмушка чыкса туура болот? Азыркы убакта окуп жатам. Ажырашуулар көп болгондуктан, бир аз чочулап жатам.
Гулзина Мадраимова
Акушер-гинеколог
Азыркы учурда үй-бүлө курууга 20-30 жашка чейин курак жакшы убакыт. Кайсы жашта чыгууну өзүңүз чечесиз. Эгерде билим алам, жумуш табам анан үй-бүлө курам десеңиз дагы бул сиздин жеке тандооңуз. Ата-эне жакшы жигит табылса, ошого чыгып алсын, бузулуп кетпесин деп жакшы тилектерди калап, кабатыр болот. Ооба, бул туура. Бирок ата-эне кызынын эртеңки күндө сөзсүз түрдө бактылуу жашап кете алаарына эч качан кепилдик бере албайт. Дүңгүрөгөн тойдон кийин деле ажырашып кетип жаткандары канча. Андыктан баары өз колуңузда, 23 жаш бул кеч эмес. Сизге жакшы адамга жолугуп, бактылуу болушуңузду каалайм!