Мен үй-бүлөлү баланы жакшы көрөм, ал дагы мени жакшы көрөт. Менден алты жашка улуу. Экөөбүз Москвадан нике кыйдырып үч ай жашагандан кийин мен Кыргызстанга келип ата-энеме турмушка чыгаарымды айтсам каршы болуп, башка балага күчкө салып эле берип коюшкан. Эки ай өткөндө ал менен жашай албашымды билип ажырашып, Москвага кетип калгам. Жигитиме жолугуп кайрадан жашай баштадык. Бирок ал мурункудай болбой өзгөрүп кетти. Камкордук кылбайт, сөздөрүмө маани бербейт. Мен болсо ансыз жашай албайм. Болгону мен мурункудай бактылуу жашашым үчүн эмне кылуум керек?