Менин жашым 19да. Төшүм аябай кичинекей, жок десем дагы болот? Тукум кууйбу десем апамдын төшү чоң эле. Эмне кылсам болот?
// //
Менин жашым 19да. Төшүм аябай кичинекей, жок десем дагы болот? Тукум кууйбу десем апамдын төшү чоң эле. Эмне кылсам болот?
Бактыгүл Абдраманова
Гинеколог
Төшүңүз кичинекей болсо тукум куучулук болушу мүмкүн. Алсак, апаңыздыкы болбосо башка туугандарыңыздын дагы көкүрөгү кичинедир. Салмактын дагы тиешеси бар. Өтө арык болсоңуз дегендей. Этек кириңиз туруктуу келсе эч кандай коркунучу жок. Демек, табиятыңыз ошондой. Эгерде айызыңыз туруктуу келбесе анда гинекологго барып, текшерилиңиз. Жыйынтыгы ошондо билинет.