// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

"Гей" эмесмин, бирок эркектерди жактырам

Мен эркек баламын. 2 жылдан бир көйгөй мени кыйнап келет. Жакшы эле жүрүп, эч бир ойлобогон жерден бир баланы жактырып калдым. Кыйналып, кечке аны ойлоп жүрдүм. Буга чейин дагы эки баланы жакшы көрүп калгам. Бул балага болгон сезимим берки экөөнө караганда алсыз болду окшойт, кыйналганыма карабастан бат эле аны унутуп койдум. Бирок жактырып калган жигиттердин бирөөсү менен дагы жыныстык катнашка барууну ойлогон эмесмин, бул нерсени каалабайм дагы. Мен өзүмдү “гей” деп эсептебейм, себеби мен болгону жактырып же сүйүп эле жатам. Сүйүүм эки тараптуу эмес, ыплас иштерди кылганым жок. Өзүм кадимки эркектей эле болуп жүрөм. Келечекте чырайлуу кызды жолуктуруп, аны катуу сүйүп калууну кыялданам. Мени туура түшүнүп, жардам же кеңеш бересиздер деп ойлойм. Бул адат эмне себептен болушу мүмкүн?

Эксперттин жообу
30.04.2018, 20:42

Тамара Воронцова

Психолог

Урматтуу окурман, менин кабылдамама “гейлер” же өздөрүнүн багытынан күмөн санап жаткандар көп келет, мен аларды түшүнөм. Бирок сизди тынчтандырып кетейин, кабатыр болбоңуз сезимдериңизде табигый эмес нерселер жок.

Адамдар дос болуп, баарлашуусу үчүн албетте бирин-бири жактырышы керек. Бул нерсе жыныска же жаш куракка карабайт. Эгерде адам сизге жакпаса, аны менен муктаждыктан (окуу, жумуш, кошуна) улам гана сүйлөшөсүз, эч качан дос болбойсуздар.

Жигитке досу, атасы, машыктыруучусу, эркек актер жакса-анда ал аларга мүнөзү, жүрүм-туруму жагынан окшош болгусу келип жатат. Бул боюнча тарыхта дагы көп окуялар бар, балдар жана эркектер А. Македонский, Наполеон, Суворов, Жуков, Гагарин сыяктуу улуу инсандарга окшош болгусу келип, аларды сүйүп, жактырып, үлгү алышкан. Адам өзүн кантип алып жүрүүнү өз алдынча ойлой албагандыктан, башка бирөөнү туурайт. Бул болуп келген нерсе.

Бир жаш кыз мага дос кыздарынын белгилүү бир жактарын көп туурагандыктан, өздүк катары өзүн жоготуп алуудан коркоорун айтып кайрылган эле. Мен аны соротуп, биз өскөн сайын өздүгүбүздү ата-энебизди, мугалимдерибизди же досторубузду, актер, ырчыларды туурап түзөрүүбүздү түшүндүргөм.

Сизде дагы бул процесс жүрүп жатат-досторуңуздун сизге жаккан жакшы тараптарын ала бериңиз. Сиздин “гей” болушум мүмкүн деп коркуп жаткан күмөндөрүңүз далилсиз. Бул биздин маданиятка, динге туура келбеген мода, пропаганданын аракети. Кабатыр болбой, бул ойлордон алыс болуңуз. Акылдуу, ийгиликке жеткен, өз алдынча болгон жигиттер менен достошуңуз, спорт менен машыгыңыз, кыйын күндөрдө бири-бириңиздерге жардам берип, чыныгы эркектик, бекем достордон болуңуздар. Дос күтүүдө дагы максаты бар, ага жете алган, спорт менен машыккан адамдардан тандаңыз. Убактысын бекер короткон, жалкоо, коркок, сараң жана максаты жоктордон качыңыз. Дагы бир нерсени айта кетейин, кыз жандап баштаңыз. Ооба, сүйүнүчтөр, көңүл калуулар болот, ошондо гана өз тагдырыңызга буйруган адамга жолугасыз. Эч нерседен коркпоңуз. Чыныгы эркектик жашоо менен жашаңыз, камкор жана мээримдүү күйө болуңуз. Сизге ийгилик каалайм!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт