Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Бала багып алгым келет

Бала багып алуу канча сом төлөнөт жана кандай документтер керек?

Эксперттин жообу
А
Аноним
30.01.2018, 14:06

Бообекова Гүлзина 

Суроого Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси

 

Бала багып алууну кааласаңыз жашаган жериңиз боюнча социалдык коргоо кызматына кайрылсаңыз, адистер шарттарын кенирээк түшүндүрүп берет. Багып алуу үчүн акча төлөнбөйт, болгону документтериңизди тапшыргандан кийин, акыркы чечимди сот чыгарат. Атайын талаптарга жооп берүү үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

  • Асырап алууга мүмкүндүгү бар экендиги тууралуу арыз
  • Арыз ээсинин (ээлеринин) паспортунун көчүрмөсү
  • Нике жөнүндө күбөлүк (жубайлар үчүн)
  • Жашаган жеринен жана үй-бүлөлүк курамы тууралуу маалымкат
  • Арыз ээсинин туруктуу киреше булагы бар экенин ырастаган документ (иштеген жеринен жана эмгек акысы көрсөтүлгөн маалымкат, ишкердик кирешеси жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, жер үлүшү, малы жана башка активдери бар экенин тастыктаган жергиликтүү башкармалыктын маалымкаты)
  • Турак-жайы тууралуу менчик укугун ырастаган документ
  • Соттолбогондугу жөнүндө ички иштер органынын маалымкаты
  • Арыз ээсинин ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутунду
  • Иштеген жеринен же жашаган жеринен мүнөздөмө
  • Баардык документтер берилген күндөн тартып бир жылга чейин жарактуу деп саналат.
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Сиз робот эмес экендигиңизди тастыктаңыз
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
  • сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
  • суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
  • кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
  • дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
  • КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
  • жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
  • жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
  • адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
  • бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
  • ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
  • суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт