Менин этек кирим келгенде аябай ооруйм, оорууну басылтуучу дарыны дайыма колдоном, ансыз болбойт. Бир жолу ичпей коём деп кулап калгам. 2-3 гинеколог врачтарга барып көрүнүп, УЗИге да түшүп келем. Алар ысык укол ж.б дарыларды жазып беришет. Жыл сайын дарылансам деле ооруйт. Бирок этек кирим өз убагында келет. Дары ичкенде аз болуп келет, мурда жаңы келип жүргөн убакта (15 жашымда) аябай куюлуп жакшы келчү. Кадимкидей эс алып калчумун. Жашым 21 де, ар бир келгенде сөзсүз дары ичем же ооруну басылтуучу уколду сайдырам, ошолордун зыяны тийбейби?