21 жаштамын. Этек кирим такыр келе элек? Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
// //
21 жаштамын. Этек кирим такыр келе элек? Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Бактыгүль Абдраманова
Гинеколог
Ар бир аялдын организми индивидуалдуу болгондуктан, этек кир 3-4 жумада бир, 3- 7 күн келет. Менструалдык цикл өспүрүм кыздарда орточо эсеп менен 12 жаштан башталат. Бирок климатка жараша өзгөрөт. Мисалы тоолуу аймактарда жашаган кыздарда 15-16 жаштан келген бул нормалдуу көрүнүш. Чүй региондорунда болсо 10-11 жаштан келет. Эгерде бул куракка чейин келбей, кечиксе, кыздардын ден-соолугуна, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Андыктан сиз сөзсүз гинекологго барышыңыз керек. Бул коркунучтуу болушу мүмкүн.