// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

9-класстын базасы менен стюардесса боло аламбы?

Мен авиация жагына, стюардесса кесибине тапшырайын дегем. 9-класстын базасы менен өтө аламбы жана дагы кандай документ керектелет?

Эксперттин жообу
23.04.2018, 09:39

И.Абдраимов атындагы авиациялык колледжинин кабыл алуу коммиссиясы

Биздин окуу жайда бортпроводниктер (стюардесса) үчүн атайын медициналык текшерүү өтөт. Кабыл алуу 22-июнда башталат. Окуу мөөнөтү 1 жыл 10 ай. Керектүү документтер аттестат, медициналык №086 жана психоневрологиялык, наркологиялык диспансерден маалымкат, 3*4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт, паспорт, рентгенологдон мурун көңдөйүнүн сүрөтү керектелет. Ошондой эле бул кесипке тапшырып жаткандар кошумча, орус же кыргыз жана англис тилинде сынак беришет. Кененирээк маалыматты Тел. (312) 41-80-38, 41-80-32 аркылуу алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт