Жумуштан эч себепсиз кетирип салса кандай чара колдонуу керек? Эгер мен штаттан тышкаркы кызматчы болсом?
// //
Жумуштан эч себепсиз кетирип салса кандай чара колдонуу керек? Эгер мен штаттан тышкаркы кызматчы болсом?
Нурислам Раимжанов
юрист
Кандай жумушчу болушуңузга карабай жумуш берүүчү менен сиздин ортоңузда эмгек келишими түзүлүүсү керек. Ал эми эмгек келишиминде сизди канча мөөнөткө жумушка алышкандыгы көрсөтүлгөн болот. Эгерде ошол мөөнөт бүтпөй туруп сизди сиз айткандай эч бир себепсиз жумуштан кетирип салса анда сиз өз укугуңузду коргой аласыз. Сиз арыз менен эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик инспекторлорго кайрылышыңыз керек.