Аскер өтөөгө барбай эле үйлөнүп алгам, азыр келинчегим кош бойлуу. Аскерге чакыруу келсе жубайым кош бойлуу болуп турса деле барышым керекпи?
// //
Аскер өтөөгө барбай эле үйлөнүп алгам, азыр келинчегим кош бойлуу. Аскерге чакыруу келсе жубайым кош бойлуу болуп турса деле барышым керекпи?
Нурислам Раимжанов
юрист
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндөгү мыйзамдын негизинде сиз кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууну суранууга укугуңуз бар. Ошондой эле жогорудагы мыйзамдын 32-беренесинин негизинде альтернативдик кызмат өтөсөңүз болот.