25 жаштамын. Трипак менен ооругам. Дарылангандан эки айдан кийин үйлөнгөм. 1жыл 4 ай болду балалуу боло элекмин. Менин оң жумурткам табарсык жагыма кирип кайра ордуна түшүп турат.
// //
25 жаштамын. Трипак менен ооругам. Дарылангандан эки айдан кийин үйлөнгөм. 1жыл 4 ай болду балалуу боло элекмин. Менин оң жумурткам табарсык жагыма кирип кайра ордуна түшүп турат.
Азиз Абдрасулов
Уролог
Трипак- жыныстык жол аркылуу жуккан жугуштуу венерикалык оору. Балалуу болбой жатсаңыз, сиз дагы бир ирет урологго кайрылып, уруктугуңузду текшертип, анализ тапшырыңыз. Ошондой эле жумурткаңыздагы көйгөйдү дагы көрсөтө аласыз. Жубайыңыз дагы анализ тапшырсын. Мүмкүн анда дагы себептер бардыр.