Канчанчы класстан кеткен туура болот 9 же 11?
// //
Канчанчы класстан кеткен туура болот 9 же 11?
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы
Эгерде тогузунчу классты бүтүп окууга тапшырам десеңиз, мектептен негизги орто билимдин ээси деген күбөлүк аласыз. Бул күбөлүк менен колледж, училище жана кесиптик лицейлерге гана тапшыра аласыз. Тактап айтканда жогорку билимдин ээси боло албайсыз. 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болсо жалпы орто билим ээси деген аттестат алышып, жогорку окуу жайларга, кааласа колледж же кесиптик лицейлерге дагы тапшыра алат. Айырмасы болгону ушунда.