Кыз багып алсамбы деп жаткам. Бирок апасы психикалык жактан бир аз оорулу экен. Кызында дагы болушу мүмкүнбү?
// //
Кыз багып алсамбы деп жаткам. Бирок апасы психикалык жактан бир аз оорулу экен. Кызында дагы болушу мүмкүнбү?
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Психикалык оорулардын түрү абдан көп. Кызына дагы берилеби деп жатасыз. Ал үчүн апасынын диагнозун так билүү керек. Сиз бул тууралуу маалымат жазбаптырсыз. Эгерде апасы нормалдуу эле болуп төрөлүп, бирок кийинчерээк белгилүү бир себептерден улам психикалык жактан ооруп калса, кийин балалуу болсо баласына оорусунун берилүү риски төмөн. Ал эми шизофрения болсо, анда ал кызына берилет. Бул психикалык оору тукум кууйт.