Мен бир адамды жакшы көрөм, тактап айтканда аны катуу сүйөм. Ал дагы мени сүйөт. Сүйлөшкөнүбүзгө бир жыл болду. Бирок ал адамдын үй бүлөсү бар. Туура кылып жатамбы билбейм, бирок жүрөккө буйрук бере албайсың дегендей, өзүмө ээ боло албай жатам. Ал “менин экинчи аялым болосуң, мен үчүн кымбатсың, сени сүйөм” деп жатат. Мага анын үй-бүлөсү жана балдары маанилүү, бирок баш тарта албай жатам. Ал менен бир нерсе болуп кетеби деп корком. Айта кетчү нерсе менден 40 жаш улуу. Бирок мен аны кандай болсо ошондой сүйөм. Эмне кылсам? Мага кеңеш бериңизчи.