Парапроктит оорусу операция болгондон кийин канчада айыгат?
// //
Парапроктит оорусу операция болгондон кийин канчада айыгат?
Канатбек Курмангазиев
Проктолог
Парапроктит көтөн чучугундагы май бездеринин сезгениши. Жыйынтыгында оорутуп, шишип, ириңдеп кетет. Бир гана жол бар, операция менен гана айыктырса болот. Сезгенген жерди жарып, ириңин чыгаруу керек. Бир жолу жасалган операциядан кийин эле жакшы болуп кетпейт. Убакыттын өтүшү менен ириң кайра чогулуп, экинчи ирээт операция жасоого туура келет. Мынча убакытта сакайса болот деген так аныктама жок. Ар бир адамдын организими индивидуалдуу.