// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Досумду алдап кетишти

Досум ижарага унаасын берип иштечү. Бир ай мурун ижарага алаган адам жок болуп, алган унаасын болсо ломбардга күрөөгө коюп салыптыр. Досум укук коргоо органдарына кайрылса, жыйынтык чыкпай жатат. Эмне кылса болот?

 

Эксперттин жообу
19.04.2018, 09:59

Нурислам Раимжанов

Юрист

Досуңуз күч органдарына жазуу түрүндө арыз менен кайрылуусу керек. Айтылуу арызы боюнча күч органдары Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик кодексинин 156-беренесинин 1-пунктунун негизинде тиешелүү текшерүү жүргүзгөндөн кийин жазык ишин козгойт же аны козгоодон баш тартат. Ошондой эле жазык ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом кабыл алат. Ошол токтом менен досуңуз таанышсын. Эгерде досуңуз кабыл алынган токтом менен макул болбосо анда аны ушул эле Кодекстин 131, 132-беренелеринде белгиленген тартипте прокурорго же сотко даттана алат. Сиз бир нерсени унутпаңыз, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин негизинде «Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт» деп көрсөтүлгөн. Демек алар өз билемдик менен досуңуздун арызын карабай коюга укуктары жок. Ошондой эле сиздин досуңуз дагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоо менен унааларды ижарага берип иштөөсү зарыл.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт