// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Безетки кыйнады

9-класстан бери безетки чыгып, кетпей жатат. Кантип арылсам болот?

Эксперттин жообу
19.04.2018, 09:14

Айнура Сагынбаева

Косметолог

Безетки оорусу негизи 11-15 жаштан баштап чыга баштайт. Пайда болуу себеби көп. Биринчиден, ал генетикалык мүнөздө болот. Алсак, эгер өспүрүмдүн ата-энесинде бар болсо, оору тукум кууп балага өтөт. Ошондой эле, организмдеги мите курттардын кесепетинен, гормондордун туура эмес иштешинен келип чыгып, майлуу терилерде көп кездешет. Безетки чыкканда көп сарсанаа болуп, ойлонбош керек, себеби ал стресстен да көбөйө берет.

Биринчиден, үй шартында дарылоого токтолсок, анда атайын көйгөйлүү терилерге арналган косметикалык каражаттарды, жуунучу гель, лосьон, тониктерди колдонсо болот. Ошондой эле бет майларды сатып алып сүйкөө керек. Эгерде булар жардам бербей, өрчүшүп кетсе дарыгер-дерматологго кайрылуу кажет. Мындай учурда дарыгер бейтапты косметологиялык процедура же сырткы кам көрүү менен дарылайт.

Дарылануу мөөнөтү 1 жылга чейин созулат. Безетки бир күндө айыгып кетүүчү оору эмес. Аны дарыласа же дарылабаса деле кетет, бирок дарыласа бат жана бетке так калтырбай айыгат. Безетки пайда болгондо, туура эмес косметикалык каражаттарды колдонуп, спирт сүйкөп, интернеттен көрүп алып, соода менен күйгүзүп, аны сыгып же чукуу бул туура эмес. Мындай учурда безеткиден бет терисинде ар кандай тактар, тырыктар пайда болуп, аларды кетирүү абдан кыйын болот. Ошол себептен өзүм билемдик кылбай, алдын-ала адиске кайрылган оң болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт