Менин жашым 20 да, иштеген жумушум бар, ыймандуу үй-бүлөдө жашайм, баардык жактан жетишкенбиз, сүйлөшкөн кызым дагы бар, үйлөнсөмбү дегем. Ата-энем өз убагы келгенде үйлөнөсүң деп жатышат. Эмне кылсам болот?
// //

Улан Усупов
теолог
Үйлөнүүгө убакытыңыз деле келип калыптыр, “жакшылыкта шашылгыла” делет. Ишиңиз, жактырган кызыңыз дагы бар болсо шарият “үйлөнгүн” деп кош колдоп колдойт. Ата-энеге маселени туура түшүндүрүп, үйлөнгөнүңүз жакшы болот. Ата-энени нааразы кылып албай кылдаттык менен кеңешиңиз. “Үйлөнгөнгө шарты болгон жигит үйлөнсүн, шарты болбогон жигит орозо кармасын” – деп Пайгамбарыбыз бекер айтпаса керек.