Бир жылдан бери бөйрөгүм ооруп жатат. Бирөө бир нерсе менен чукуп жаткандай болуп ооруйт. Себеби эмнеде?
// //
Бир жылдан бери бөйрөгүм ооруп жатат. Бирөө бир нерсе менен чукуп жаткандай болуп ооруйт. Себеби эмнеде?
Азиз Абдрасулов
Уролог
Бир жылдан бери ооруп жатса, убагында дарыгерге кайрылсаңыз жакшы болмок. Убакытты создуктуруу менен ооруңузду күчөтүп алгансыз. Сизди текшербей туруп себеби бул деп дары жазып бере албайбыз, бул мүмкүн эмес. Жакындарыңызга айтып тезинен урологго кайрылыңыз. Анализ тапшырып, УЗИге түшкөндө гана эмне себептен ооруп жатканы билинет. Ошого жараша дарылоо курсун аласыз. Бөйрөк оорусу бул оюн эмес. Эгерде минтип жүрө берсеңиз, оору өтүшүп кетип, бөйрөктүн иштен чыгып калуу коркунучу бар.