Жолдошум экөөбүздүн ортобузда көйгөйлөр болуп жатат. Ал кенебес, жоопкерчилиги жок, өзүн гана ойлойт, өзүнүн курсагы тойсо болду. Жалган көп айтат, акчаларын үйгө алып келбейт, өзүн гана эптеп жүрө берет. Анан акчаң кана, ага буга жетпей жатат деп наалысам урат. Айлам жоктон эле жүрөм, кичине уулум 5 айлык, кетип калайын десем баламды ким карайт, ата-энеме таштасам алардын да өзүнүн түйшүгү көп, алардын үйүнө кантип олтурам деп айлам жок болуп жүрөм.