Мен кыздарга 2 жылдык кылып каш боёп берем. Бул динде күнөө эмеспи?
// //
Мен кыздарга 2 жылдык кылып каш боёп берем. Бул динде күнөө эмеспи?
Улан Усупов
теолог
Динде хна сыяктуу табигый жана суунун өтүшүнө тоскоол болбогон боёктор менен кашты боёого уруксат берилет. Ал эми суунун өтүшүнө тоскоол болгон боёктор менен боёгонго болбойт, күнөө болот. Анткени алар дааратты жана гусулду алаарда сууну өткөрбөй, даарат менен гусул жараксыз болуп калат. “Күмөндүү иштерден абайлагыла” дейт динде. Күнөөлүү болуп жатамбы деп чоочулаганыңыз жакшы. Албетте чечимди өзүңүз чыгарасыз.