Мен отурган же жаткан жеримден ордумдан тура калсам көзүм караңгылап, башым айланат. Көздөрүмдүн четтери дагы сары болуп турат. Булар эмнеден болушу мүмкүн?
// //
Мен отурган же жаткан жеримден ордумдан тура калсам көзүм караңгылап, башым айланат. Көздөрүмдүн четтери дагы сары болуп турат. Булар эмнеден болушу мүмкүн?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Көзүңүз караңгылап, отуруп же турганда башыңыз айланып жатса аз кандуулук оорусу-анемияга чалдыккан болушуңуз мүмкүн. Андыктан тезинен дарыгерге барып, кан анализдерин тапшырыңыз. Көздөрдүн четтери сары болуу, заара ак же сыранын өңүндөй болуп чыгуу, чарчоо боордун сезгенишинен кабар берет. Гепатит дартына чалдыккандарда сиздикиндей белгилер байкалат. Кечиктирбестен тезинен бейтапканага кайрылыңыз.