Эмне себептен көздү чылпак басат? Улам сайын тазалап жууйм, бирок көздөрүм кургаса эле чылпак болуп кетет. Көздөрүм болсо оорутпайт, кантип токтотсо болот?
// //
Эмне себептен көздү чылпак басат? Улам сайын тазалап жууйм, бирок көздөрүм кургаса эле чылпак болуп кетет. Көздөрүм болсо оорутпайт, кантип токтотсо болот?
Аида Аскеева
офтальмолог
Эгер көздү чылпак басса анда көздө сезгенүү процесси жүрүп жатат. Чылпактын көп бөлүнүп чыгышынын бирден бир себеби көздүн ирмөөчтөрүндө жана чел кабыгында өнөкөт сезгенүүнүн пайда болушу. Чылпак - бул организимди коргоочу реакция, микробдор менен күрөшүүчү лейкоциттер. Көбүнчө челкабыкта микробдор көбөйгөндө, блефарит болгондо чылпактын чыгуусу өсөт. Сиз көзүңүздү чай жана фурацилин менен жуусаңыз сезгенүү кетет. Анан албетте гигиена сактаңыз.