// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Кызым диатез болуп жатат

Менин кызыма эки ай болду. Чекеси, кулак жактары диатез болуп жатат. Таттуу жебей калгам. Бирок жардам бербеди. Эмне кылсам болот?

Эксперттин жообу
11.04.2018, 12:36

Жаңыл Мусамбетова 

Педиатр

Көп учурда диатез организимге жакпаган белгилүү бир азыкты жегенден улам чыгат. Жаш ымыркайдын организми толук жетиле элек болгондуктан, кээ бир азыктарды сиңирип, көтөрө албайт. Диатез оору эмес, аллергия сыяктуу. Аны убагында дарылабаса, өнөкөт болуп калат. Көп энелер балдарына диатез чыгып калганда, таттууга шылтоолойт. Бул туура, бирок бир гана таттуу эмес, башка азыктар дагы себепчи болот. Айта кетсем, кызыл түстүү азыктарды, сүт, каймак, тоок шорпосу, цитрус жемиштерин, коон, шабдаалы, анар, сары жашылча-жемиштер жана шокаладды балаңызга бербеңиз. Диатез өзү 3-4 жашка чейинки балдарда болот. Аны дарылайм деп, ар кандай маз, дары-дармектерди колдонуунун зарылчылыгы жок. Болгону кызыңызга сиз эмнени жегенде диатез пайда болуп жатканын аныктап андан баш тартыңыз. Ошондой эле диатез кир жуучу каражаттардан, порфюмдардан дагы пайда болот. Бул жагын дагы көзөмөлгө алыңыз. Сөзсүз түрдө педиатрга барып, консултациядан өтүңүз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт