Салмагым 110 кг, боюм 170 см. 38 жаштамын, алты балам бар. Ата-энем нормалдуу салмактагы эле адамдар. Кантип арыктасам болот? Кандай диета кармасам?
// //
Салмагым 110 кг, боюм 170 см. 38 жаштамын, алты балам бар. Ата-энем нормалдуу салмактагы эле адамдар. Кантип арыктасам болот? Кандай диета кармасам?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог-эндокринолог
Салмактан арылуу үчүн диетага отурардан мурун сиз диетологго же эндокринологго кайрылып, анализдерди тапшырып, көрүнүңүз. Мүмкүн сиз гормоналдык оорулардын себебинен улам толуксуз. Эгерде Бишкек шаарында болсоңуз редакциядан менин номеримди алып, көрүнүп кетсеңиз болот. Сизди текшербей туруп, мындай жолдор менен арыкта деп айтуу кыйын.