Мен 15 жаштамын, досторум же жакын адамдарым менен болсом эч уялбай, баары менен кеңири сүйлөшө берем. Бирок, өзүм жалгыз болуп курбуларым жок болсо, башкалардан уялып сүйлөй албай калам. Мындан катип арылууга болот?
// //

Каныша Кожогелдиева
психолог
Адам кандайдыр бир мүнөздү же адатты өзгөртүүнү кааласа биринчиден эрктүү болушу керек. Сиз “Мен уялчаактыгымды өзгөртөм” деген максат коюп эрктүүлүк менен эмгектенсеңиз, сөзсүз түрдө орундалат. Болгону башкаларга кичинеден сөз сүйлөө менен кошулуңуз, тартынбастан сүйлөңүз алар деле сиздей болгон адамдар. Кийин сөздөр көбөйүп, көнүп кетесиз, болгону аракет кылыңыз.