Мен 27 жаштамын, үч балам бар. Кош бойлуу кезимде бетимди капкара сепкил басып кеткен. Бетимдеги такты кантип кетирсем болот? Интернеттен “верминекс” деген дарыны көрдүм, ичсем жардамын береби?
// //
Мен 27 жаштамын, үч балам бар. Кош бойлуу кезимде бетимди капкара сепкил басып кеткен. Бетимдеги такты кантип кетирсем болот? Интернеттен “верминекс” деген дарыны көрдүм, ичсем жардамын береби?
Надира Бейшеева
косметолог
Бетиңиздеги тактар төрөттөн кийинки тактар. Верминекс курттарга жана паразиттерге каршы дары. Эгер сиздин боор, бөйрөк оруса дагы тактар чыгат. Такты мезотерапия, пилинг менен кетирсе болот. Бетти агартуучу кремдерди, дарылоону гормондор калыбына келгенде жана баланы эмизип бүткөндө колдонуу кажет.