20 жаштамын. 2016-жылы кан агуу болуп, дарылангам. Азыркы мезгилде этек кирим 62-71 күндө бир келет. Узактыгы 7-8 күн. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
// //
20 жаштамын. 2016-жылы кан агуу болуп, дарылангам. Азыркы мезгилде этек кирим 62-71 күндө бир келет. Узактыгы 7-8 күн. Бул эмне себептен болушу мүмкүн?
Жылдыз Токтобаева
Акушер-гинеколог
Этек кир циклинин бузулуусуна бир канча себептер таасир берет. Алсак, гормондук бузулуулар, бутту жылуу алып жүрбөгөндөн улам жыныстык органдын сезгенүүсүнөн, жатында инфекция пайда болгондо, жыныстык катнаш аркылуу жуккан хламидиоз, гарднереллёз, сифилис, гонорея сыяктуу оорулардан, миомадан жана стресстен улам болот. Эгерде этек кир 31-33 күндөн ашык убакытта келбесе тезинен гинекологго кайрылуу керек. Анализ тапшырып, дарыланбасаңыз келечегиңизге терс таасирин берет.