Менин мүмкүнчүлүгүм чектелген. Мектепти сырттан окуйм, сабакка кээде барам. Бирок чейрегим чыгат. 9-классты бүткөндөн кийин кандай кесип тандасам болот? Төмөнкү билим мене эч бир окуу жайга тапшыра албай каламбы?
// //

Чолпонкулов Таалайбек
Башталгыч жана орто билим берүү агентигинин мүдүрү
9-класстан кийин кесиптик лицейге, колледждерге тапшырсаңыз болот. Эгерде кесип тандай элек болсоңуз, кабыл алып, консултация беребиз. Баары өз мүмкүнчүлүгүңүзгө жана каалооңузга жараша. Өзүңүз каалаган кесиптин ээси боло аласыз. Окуу жайга тапшырууга жакындап калганда бизге кайрылсаңыз, сизге жардам беребиз.