Үйүбүздү туугандарыбыз бербей жатышат. Мурун соттошуп алганбыз. Бирок жарымын гана бизге жаздырып, жердин документи болсо өздөрүндө жазылуу бойдон калыптыр. Ошону эми толук бизге жаздырып бергиле деп айтсак болбой жатышат. Үйүбүздү сатыкка койгонбуз, бирок кардарлар келгенде, жанагы жарым документке такалып калышууда. Ошентип үй да өтпөй, тигилер да бербей, орто жолдо батирлеп жүрөбүз. Сураныч ушул маселени, кандай жол менен чечсек болот?