20 жаштамын. Салмагым 100 кг. Бул оорубу? Эмне кылсам болот?
// //
20 жаштамын. Салмагым 100 кг. Бул оорубу? Эмне кылсам болот?
Гульнара Абдрахманова
Диетолог
Ашыкча салмактын себебин билбей туруп, оору деп айтууга болбойт. Мүмкүн сиздин ата-энеңиз толук адамдар. Ашыкча салмак генетикалык мүнөздө дагы болот. Же болбосо организимиңизде гормоналдык бузулуу бардыр, майлуу, таттуу тамактарды жакшы көрөттүрсүз. Ошондой эле туура, убагы менен тамак ичпегендиктен улам дагы салмак кошулат. Себептери абдан көп. Андыктан сиз эндокринологго кайрылып, гормонго анализ тапшырыңыз. Эгерде жыйынтыгы жакшы чыкса, диетологдун жардамы менен салмагыңыздан арыла аласыз.