Мен өзүмө такыр ишене албайм. Үйдөн чыкканда жарыкты өчүрдүмбү, эшикти жакшы жаптымбы, бир несени унутуп калган жокмунбу деген сыяктуу. Бул адаттан кантип арылсам болот?
// //
Мен өзүмө такыр ишене албайм. Үйдөн чыкканда жарыкты өчүрдүмбү, эшикти жакшы жаптымбы, бир несени унутуп калган жокмунбу деген сыяктуу. Бул адаттан кантип арылсам болот?
Каныша Кожогелдиева
психолог
“Мен өзүмө такыр ишене албайм” дегениңиз туура эмес. Болгону сиз көп учурда кылып жаткан ишти көзөмөлсүз калтырасыз. Буга эмне себеп болот? Себеби сизди тынчсыздандырып турган олуттуу көйгөйүңүз бар, ал көйгөй кылып жаткан ишиңизден алагды кылып, ишенбөөчүлүктү пайда кылат. Андыктан психологго кайрылып же ишеничтүү адамдарыңызга ичиңиздеги көйгөйдү айтып бериңиз.