Менин сиңдим 18 жашта. Жыныс эринчелери ар түрдүү өлчөмдө. Бири узун, бири кыска. Эмне кылыш керек?
// //
Менин сиңдим 18 жашта. Жыныс эринчелери ар түрдүү өлчөмдө. Бири узун, бири кыска. Эмне кылыш керек?
Бактыгүль Абдраманова
Гинеколог
Сиңдиңиздин гормоналдык абалын текшерип көрүү керек. Ал үчүн сиңдиңиз этек кири келип бүткөндөн 3-5 күндөн кийин гормонго венасынан кан тапшырат. Жыйынтыгында тестестерон, ДГЕАС гормондору нормада болсо, эч нерсе кылбай эле койсун. Коркунучу жок. Гинекологго кайрылып текшерилип койсун.