// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Мектепке хиджаб кийип барса болобу?

Мектепке хиджаб кийип барууга уруксат берилгенби же жокпу?

Эксперттин жообу
23.03.2018, 13:48

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү мекемелериндеги билим берүү жана тарбиялоо ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Билим берүү мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Бул мыйзамдын 4-беренесинде билим берүү уюмдарынын негизги принциптери катары “Билим берүү диний институттарга көз каранды эмес” жана билим берүү светтик мүнөздө жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-августа кабыл алган № 572 токтомуна ылайык бирдиктүү мектеп формасына тиешелүү талаптар коюлган. Республика мектептеринин окуучулары кара, боз, көк жана кызгылт өңүндөгү бир түстүү классика стилинде кийиниши керек. Эркек балдардын мектеп формасы ак көйнөк, жилет, пиджак жана шым болсо, кыздардыкы ак көйнөк, жилет, юбка, фартук, пиджак, көйнөк. Бирдиктүү мектеп формасына болгон талапка ылайык билим берүү мекемеси ата-энелер менен биргеликте мектеп формасынын бир вариантын тандап алышат.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт