Бетимди сөөл кетирүүчү кислотага күйгүзүп алдым. Тагын кетирсе болобу?
// //
Бетимди сөөл кетирүүчү кислотага күйгүзүп алдым. Тагын кетирсе болобу?
Надира Бейшеева
косметолог
Албетте кетирсе болот. Бирок сиз канчалык деңгээлде күйгүзүп алдыңыз? Эгер көлөмү аз болсо үй шартында лимон менен сүртүп турсаңыз кетет. Лимон аллергия кылып, жагымсыз учурларды тартуулап коюшу мүмкүн, андыктан алгач аллергияңыз бар жогун билип алыңыз. Негизинен ар кандай бет агартуучу каражаттарды, кислоталарды колдоноордо мелланинди калыбына келтирип алуу керек. Мындан тышкары сөзсүз түрдө күндөн коргоочу бет майларды колдонуу кажет.