Жолдошумдун көздөрүн тамырчалар басып баратат. Коркунучу жокпу?
// //
Жолдошумдун көздөрүн тамырчалар басып баратат. Коркунучу жокпу?
Аида Аскеева
офтальмолог
Сиздин жолдошуңуздун көзүн текшерүүдөн өткөрүү кажет. Менин түшүнгөнүм боюнча бул птеригиум. Алдын алуу режимдери абдан көп болот. Мисалга күнгө чыкканга болбойт, күндөн коргоочу көз айнектерди дайыма тагынып жүрүүсү керек. Ачуу жегенге, мончого түшкөнгө жана ар кандай даам берүүчү каражаттарды жегенге тыюу салынат. Эгер холецистит же боору ооруган болсо дарыланышы кажет. Эт өсүп көздүн сыртындагы тунук чел кабыкты басып келе жаткан болсо операция кылып алып салуу абзел. Андыктан режимди көзөмөлдөп жана дарыгерге кайрылуу манилүү.