Төрт беш айдан бери оң көзүмдүн өйдө жагында шишик бар, кармап көрсөм оорубайт. Дарыгерге кайрылсам тирсектин калдыгы деп дары жазып берген. Бирок дары жардам берген жок. Мунун коркунучу жокпу?
// //
Төрт беш айдан бери оң көзүмдүн өйдө жагында шишик бар, кармап көрсөм оорубайт. Дарыгерге кайрылсам тирсектин калдыгы деп дары жазып берген. Бирок дары жардам берген жок. Мунун коркунучу жокпу?
Аида Аскеева
офтальмолог
Сиз айткан көзүңүздүн үстүндөгү томпокчо “халязион” деп аталат. Халязион дарылаганда кетпейт. Болгону үй шартында томпокчону катуу басып дайма укалап туруу керек. Бул томпокчолор иммунитет түшкөндө же организимде инфекция кездешкенде чыгат. Андыктан жалпы анализдерди тапшырып текшерилип коюңуз.