Мен 11-классты бүтүп ЖОЖго тапшыргам. Бирок шартка байланыштуу контракт төлөй албай калып, окуудан четтетилгем. Аттестатымды алганы барсам, контракты төлөп анан аласың деп бербей коюшту. Эмне кылсам болот?
// //

Билим берүү жана илим министрлиги
Контракт төлөө маселеси окуу жай менен студенттин ортосундагы атайын келишимде көрсөтүлөт. Сиз келишимди карап, кандай учурда контракт төлөнөт же төлөнбөй экенин билсеңиз болот. Ошондой эле окуудан четтетүү буйрутмасы чыкканга чейин юридикалык жактан сиз ал университеттин билимин алып жаткан студенти болуп эсептелесиз. Тактап айтканда билим берүү кызматын колдонгон болосуз.