// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Дарыгердин айынан тишимен ажырадым

Мен 1 жыл мурун астыңкы 4 тишиме каронка койдургам. Текшерүү учурунда тиш эттерим шишип, физикалык дарылоо алгам. Ал эми 2 жума мурун тиш эттерим, бетим мурдума чейин шишип, астыңкы тиштеримдин тиш этинде ириң пайда болуп, жарылгандан кийин шишиги тарады. Дарыгерге барып, рентгенге түшсөм, бир тишимдин нерви алынбагандыктан, тишти сактап калуу үчүн резекция кылуу керек экен. Резекция 3000 сом, каронканы алганына 500 сом, нервди алганына 500 сом, пломбага 300 сом ала кел дейт. Бул кимдин катачылыгы? Бул акчанын баарын төлөөгө милдеттүүмүнбү?

Эксперттин жообу
22.03.2018, 11:40

Нурислам Раимжанов

Юрист

Эгер мен сизди туура түшүнгөн болсом, сиз 1 жыл мурун тишиңизди дарылаган дарыгерге кайра баргансыз, туурабы? Эгерде ошондой болсо сиз дарыгерге анын катасын түшүндүрүп айтып, кайрадан акча төлөөгө макул эместигиңизди билдириңиз. Кыргыз Республикасынын жарандарынын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү мыйзамынын 4-беренесинде Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп жарандардын саламаттык сактоого болгон укугу сакталат жана ден-соолугу бузулган учурда жарандар социалдык жактан коргоого алынат деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле жогорудагы мыйзамдын 65-беренесинин негизинде сиз саламаттыгыңызга келтирилген зыяндын ордун толтуруп алуу укугунуз бар. Бирок колуңузда дарыгердин айыбын тастыктоочу далилдер болуусу зарыл. Сиз өз сурооңузда “рентгенге түшсөм, бир тишимдин нерви алынбай калгандыктан, тишти сактап калуу үчүн резекция кылуу керек экен” деп жатасыз. Ошол тишиңиздин нервин 1 жыл мурун дарыгер албай койгондугун далилдеп беришиңиз зарыл болот. Эгерде сиздин айткандарыңызга дарыгер түшүнбөсө, тишиңизди дарылоодон баш тартса жана дарыгердин айыбын тастыктап бере албасаңыз Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу туралуу мамлекеттик кепилдиктердин программасы аркылуу медициналык жардам алууга укугуңуз бар. Бул боюнча http://foms.kg/page/pamyatka шилтеме аркылуу кеңири маалымат алсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт