Мен кечинде уктап жатканда тишимди кычыратат экенмин? Бул эмнеден болушу мүмкүн?
// //
Мен кечинде уктап жатканда тишимди кычыратат экенмин? Бул эмнеден болушу мүмкүн?
Гулнара Бейшенбаева
терапевт
Уктап жатып тиш кычыратуу бруксизим оорусу. Себебин айтып өтсөм, стресс, нерв оорулары, организимде мите курттардын пайда болушу. Ошондой эле жаак муундары менен тиш сезгенгенде дагы адам түнкүсүн тишин кычыратат. Сиз күндүзү көп ойлонбой, капаланбай, ачууланбай жүрүңүз. Жашылча-жемиштерди көп жеп, таза абада сейилдеңиз. Сөзсүз түрдө стоматологго кайрылып кеңеш алыңыз. Ошондой эле мите курттар жокпу же барбы билүү үчүн анализ тапшырып коюңуз.