Учурда 9-классмын. Окуумду бүтүрүп колледжге тапшырсам дейм. Колледжде канча жыл окуйм жана кайра жогорку окуу жайга тапшырсам канчанчы курска олтурам?
// //
Учурда 9-классмын. Окуумду бүтүрүп колледжге тапшырсам дейм. Колледжде канча жыл окуйм жана кайра жогорку окуу жайга тапшырсам канчанчы курска олтурам?
Чумукова Евгения
Профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси
Колледждерде окуу мөөнөтү тандаган кесибиңизге жараша болот. Жалпылап айтсак 2 жылдан 4 жылга чейин. Бирок 11-классты бүткөндөн айырмаланып, кийин жогорку билим алууну көздөгөн учурда каалаган кесибиңизге тапшыра албай, окуган кесибиңиз боюнча эле билимиңизди жогорулата аласыз. Канчанчы курска олтураарыңыз индивидуалдуу суроо. Тандаган кесибиңиз, окуган предметтериңизге жараша аныкталат. Көпчүлүк учурда экинчи курска олтурасыз.