Жакындарымдын айтуусу боюнча аябай коңурук тартат экенмин. Абдан уялып жатам. Бул эмнеден улам пайда болот? Коңурук тартуу оору деп угуп калам?
// //
Жакындарымдын айтуусу боюнча аябай коңурук тартат экенмин. Абдан уялып жатам. Бул эмнеден улам пайда болот? Коңурук тартуу оору деп угуп калам?
Чынара Балтабаева
Терапевт
Ооба, коңурук тартуу бул белгилүү бир оорулардын себебинен болушу мүмкүн. Мурундун ичине эт өсүп бүтүп калса же белгилүү бир жаракат алгандан улам шишик пайда болгондо, ашыкча салмак азабын тартканда, ангина жана богокко кабылганда адам коңурук тартат. Ошондой эле жаш улгайган сайын коңурук тартуу ыктымалы жогорулайт. Чылым тарткан, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондор дагы бул көйгөй менен жабыркайт. Сиз лорго кайрылып текшерилиңиз. Эгерде толук адам болсоңуз, ашыкча салмактан арылсаңыз коңурук өзү эле кетип калат.