2 жаштагы кызымдын көзү чылпактайт. Эмне себептен болот?
// //
2 жаштагы кызымдын көзү чылпактайт. Эмне себептен болот?
Найманбаева Анара
Окулист
Кызыңыздын көзү чылпактап жатса, себептери абдан көп. Негизинен көздүн былжыр челинин жана жаш капчасынын сезгенүүсүнөн улам болот. Ошондой эле гигиенаны сактабагандан, конъюнктивит, аллергия жана вирустук оорулардан дагы чылпактайт. Чылпактын пайда болуп калуусу коркунучтуу эмес, бирок убагында дарылабай койсо түрдүү ооруларды козгойт. Андыктан сиз кызыңызды алып, балдар офтальматологуна сөзсүз кайрылыңыз. Өз алдынча көзгө дарыларды тамчылатууга, ар кандай кошулмалар менен көздү жууп, тазалоого болбойт. Себеби көз бул назик орган.