Жолдошумду баaрдык аялдардан кызганам. Мунун себебинен көп урушабыз. Акыркы күндөрү күйөмдүн кылган мамилеси, сүйлөгөн сөзү жакпай калса эле ыйлайм. Күндө ыйлай берип жолдошумду да кыйнап жибердим окшойт. Эмне кылсам болот?
// //

Бермет Наралиева
психолог
Кызганыч - бул инстинкттик сезим, жаш үй-бүлөлөрдө көп кездешет. Кызганган бул сиздин ичиңиздеги сезимиңиз. Бирок кызгануу оорду, ченеми менен болуусу шарт. Өзүңүздү анализдеп, күндө ыйлап, жолдошуңузду кыйнап жатканыңызды түшүнүп, билгениңиз жакшы. Бирок сүйүктүүңүздү кыйнабай, ишенүү менен мамиле жасоого үйрөнүңүз. Өзүңүздөгү баалуулуктарды сезиңиз, кошумча жумуштар менен алек болуп, себеби жок кызгануунун күчүн азайтыңыз.