Мен бөлөмдү сүйөм. Ага үйлөнсөм болобу?
// //
Мен бөлөмдү сүйөм. Ага үйлөнсөм болобу?
Мээрим Курманалиева
Дарыгер-генетик
Туугандардын бири-бирине баш кошпогону туура. Анткени жөнөкөй үй-бүлөлөргө салыштырмалуу балдардын майып төрөлүү ыктымалы жогору. Сиздин абалда келечектеги балдарыңыздын ден-соолугуна терс таасири тийээрине 25 пайыз коркунуч бар. Мисалга, төрт баланын бирөө майып төрөлүшү мүмкүн. Алсак, ата-энелери бир тууган болгон күндө деле, алардын ата-бабалары бир. Чоң апасында же чоң атасында рецессивдик ооруну алып жүргөн ген бар болсо ал кийинки тукумдарына берилет. Рецессивдүү ген аркылуу берилген оорулар абдан көп, эң жаманы бала майып же өлүк төрөлүп калышы мүмкүн.