// //
Сиздин суроо ийгиликтүү жайгашты, эми жакын арада жообун аласыз.
Сиздин жооп модератор текшерээри менен чыгат

Оштон ЖРТга кантип катталам?

Мектепти 2 жыл мурун бүткөм. Манас университетинде билим алчумун. Турмушка чыккандыгыма байланыштуу Ошко келгем. Быйыл Оштогу медициналык колледжге тапшырайын дегем. Оштон ЖРТга кайдан катталса болот?

 

Эксперттин жообу
13.03.2018, 16:10

Евгения Чумукова 

Профессионалдык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси

ЖРТга катталуу үчүн жашап жаткан жериңиздин райондук билим берүү башкармалыгына кайрылсаңыз болот. Консерватория, көркөм-сүрөт училищалары, колледждер жана ошондой эле ИИМ менен Куралдуу күчтөр академиясына өтүүнү каалаган абитуриенттерден ЖРТ тестинин жыйынтыгы талап кылынбайт. Алар атайын физикалык кароодон, окуу жайлардын өзүнүн сынактарынан өтүшөт. Сиз алгач Ош медициналык колледжинин http://www.oshsu.kg/ сайтына кирип кабыл алуу тартиптери менен таанышып чыгыңыз. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт